Menu

Бүгүн, КРнын Финансы полициясында жарандарды кабыл алуунун дагы бир күнү болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, КРнын Финансы полициясында жарандарды кабыл алуунун дагы бир күнү болуп өттү. Бул тууралуу 5-ноябрда Финполдун басма сөз кызматы билдирет.

Анткени, азыркы учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын (мындан ары – ЭККМК) жетекчилигине жолугушууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, Кызматтын административдик имаратынын жыйындар залында жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынган.

Бул жолугушууга 100гө жакын адам катышты. Адамдар Финансы полициясынын төрагасы С.А.Жапыкеевге жардам сурап келишип, алар көйгөйлөрү менен бөлүшүп, айрым маселелер боюнча жардам берүүнү суранышты.

Ошондой эле Финансы полициясынын компетенциясына кирбеген, Кызмат эч кандай жол менен кийлигише албай турган маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле, насыянын мөөнөтүн жылдыруу, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу, жумушка орношууга жардам сураган жарандар болгон.

Жолугушуу чагымчылдарсыз болгон жок, өздөрүн тынч алып жүрбөгөн бир топ адамдар келип, башкалардын тынчтыкты сактоону сурангандарын угушпай, улуу муундун алдында уят сөздөрдү айтышты, түзмө-түз айтканда жаңжалдашууга аракет кылышты.

Бул адамдар келгендерди түртүп, чагымчыл ураандарды кыйкырып, башкаларды коркутушкан.

Эскерте кетсек, ЭККМКга жарандарды кабыл алуу графикке ылайык жүргүзүлөт.

Жарандар жума сайын төмөнкү график боюнча кабыл алынат:

ЭККМКнын төрагасы Жапыкеев Сыймык Асылбекович бейшемби 15:00дон 17:00 чейин.

ЭККМКнын төрагасынын орун басары Абдылдаев Сагынбек Токонович шейшемби 15:00дон 17:00 чейин.

ЭККМКнын төрагасынын орун басары Султанов Жоомартбек Аманович жума 15:00дон 17:00 чейин.

Тергөө башкармалыгынын башчысы Айылчиев Элдияр Кудайбердиевич дүйшөмбү 15:00дон 17:00 чейин.

Ыкчам иштер жана алгач текшерүү башкармалыгынын Кутманов Аалы Осмонович шаршемби 15:00дон 17:00 чейин.

Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Казабеков Нурлан Жолдошбекович бейшемби 10:00дон 12:00 чейин.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: