Menu

Асыкбай Токтогулов: “Жети балама жүк болбой, карылар үйүндө жашоону чечтим”

Бөлүшүү:

«Турмушуң эшек араба…» дегендей, турмуштун бүтпөгөн түйшүгүн тартып, жашоонун оош-кыйышын көргөн Асыкбай Токтогулов карылар үйүндөгү жашоосуна шүгүр кылат.

– Асыкбай ата, канча жашка келип калдыңыз?

– Быйыл буюрса 68 жашка чыгам. Мен 1951-жылы 20-апрелде төрөлгөм. Өзүм Нарын облусунун Куланак айылынан болом. Кемпирим каза болгонуна 15 жылдан ашты. Андан кийин деле келечекти ойлоп, 3-4 жолу үйлөндүм. Бирок, турмушубуз болгон жок. Баары бир байбичеңдей болбойт экен. Кийин үйлөнгөн менен баары эле өз кызыкчылыгын ойлоп, ичип-жеп басып кеткен аялдарга жолуктум. Андайлар туруктуу болуп, ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңбойт тура. Акыры ден соолугума байланыштуу карылар үйүнө келүүгө аргасыз болдум. Бул жакка келгениме бир жарым жыл болду. Үйгө караганда шарты абдан жакшы, шүгүр. Үч маал тамагы, ысык, муздак суусу бар. Кийим-кечелеримди жууп, төшөнчүмдү жаңыртып берип турушат. Айылда жашоого ден соолугум жол бербейт, кан басымым азапка салат. Бул жактан дарыгерлер тез-тез көзөмөлгө алып турушат. Ооруп калсам дарылашат. Негизи менин жүрөгүмдө оору бар экен. Ошого медициналык текшерүүдөн толук өтүп, анан ооруканага жатып дарыланып чыгайын дегем.

– Бала-бакыраңыз барбы?

– Ооба, жети балам бар: төрт эркек, үч кыз. Колумдан келсе балдардын жанынан чыкпай эле коёт элем. Оорунун айынан эч нерсе жасай албай калдым. Анан балдарга жүк болбой бул жакта тынч жашоону чечтим. Бирок, балдарым келип ал-акыбалымды сурап турушат. Кыргызда «катыш» деген бар эмеспи. Айылда жамандык-жакшылык болуп калганда алып барып келишет. Аларга деле доомат коё албайм. Ар кимиси ар кай жакта өз турмуштары менен алек.

– Жаңылык көрүп, гезит окуп турасызбы?

– Өзүм гезит, китепке кызыгып, көбүрөөк окуганга басым жасайм. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарды гезиттен окуп, теледен көрүп, кабардар болуп турам. Акыркы жолу басмачылар туурасында кызыктуу бир китеп окудум. Негизи жаш кезде спорт менен машыгып, мушкер болчумун. Ошондой эле Токмоктогу айыл чарба техникумун бүтүргөм. Шопур болуп
эмгектендим. Андан соң №21 кесипчилик окуу жайында техникаларды оңдоо боюнча билим алгам. Убагында муздаткыч, кол машина ж.б. техникаларды оңдоп, жакшы эле иштедим. Азыр эми заманга ылайык заманбап техникалар чыга баштабадыбы. Чындыгында аларга тишим өтпөйт. Андан кийин Аламүдүн базарында иштедим. Айтор, жалаң оор, кара жумуштарда иштей берип, ден соолук начарлады. Буту-колум ооруп турат. Ошентсе да балдар интернатында кароолчу болуп иштейм. «Оорудум» деп жата берсең, оорунун баары козголот. «Кыбыраган кыр ашат» демекчи, аманчылык болсо иштеп турганга не жетсин.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: