Menu

Баткен мамлекеттик университетинин ректоруна сөгүш берилди

Бөлүшүү:

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы бүгүн, 4-февраль күнү билдирди.

Баткен мамлекеттик университетинин жана анын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүндө жылуулук системасы иштебей, билим алуучулар үчүн жетиштүү шартты түзбөгөнү, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы эскирип, талапка ылайык келтирбегени үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесинин 2-пунктуна ылайык сөгүш берилген.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 4-декабрындагы № 1422/1 буйругунун негизинде Баткен мамлекеттик университетинин ишмердиги комиссия тарабынан текшерилген. Анын жыйынтыгында жогоруда келтирилген кемчиликтерден сырткары, окутуучулардын курамынын сапаты талапка жооп бербегени, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн AVN маалыматтык системасын толук киргизилбегени, кесиптик жогорку билим берүү уюмунун чегинде бир адистик боюнча даярдоо түзүмдүк бөлүмчөлөрдө кайталанууга (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.у.с.) жол берилгендиги жана   күндүзгү формада окуган студенттердин контингенти сырттан окуган студенттердин санынан аз болгондугу аныкталган.

БатМУда 5064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167. Университетке караштуу  кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1771 студент билим алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: