Menu

Тажикстанд имам-хатибдер жаштарды армияда кызмат өтөөгө үндөшүүдө

Бөлүшүү:

Гиссар районунун ондогон дин кызматкери уландарды армияда кызмат өтөөгө үндөөдө. Бул маалыматты 12-апрелде борбордук мечиттин имам-хатиби Шарофиддин Фозилов тастыктады.

Анын айтымында, жергиликтүү мечиттердин өкүлдөрү аскер комиссарлары менен бирге аскерге чакырыла турган уландардын үйүнө барып, мекенге кызмат өтөөнүн зарылдыгын түшүндүрүшүүдө. “Биз мекенчилдик, ата-журтка болгон сүйүү, өлкө ичиндеги туруктуулук жөнүндө сүйлөйбүз. Биздин кеңешибизден кийин бир нече улан армияда кызмат өтөө ниетин билдиргенине күбө болдум”, -деди Шарофиддин Фозилов.

Тажикстан президентинин жарлыгына ылайык, жазгы аскерге чакыруу кампаниясы 1-апрелде башталган, 31-майга чейин уланат.

Тажикстан Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Куралдуу күчтөрдүн катарын жыл сайын 15-16 миң киши толуктайт.

Фаридун Махмадализоданын айтымында, имамдар былтыр дагы болочок жоокерлер менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Бирок бул сапар биринчи жолу аскер комиссариатынын кызматкерлери менен бирге үйлөрдү кыдырышып, жаштарды аскерде кызмат өтөөгө чакырышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: