Menu

УКМК: “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

28-майда УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош областында, коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөсү, 1971-жылы туулган М.И. кармалды.

Такталган боюнча. М.И. «Хизбут-Тахрир» ДЭУ эл аралык медиа борборунун активдүү мүчөсү болгон жана Борбор-Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жоопту болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылып алынды.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-б, 2-п (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта кармалган адамды мындан нары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: