Бүгүн, 19-январдын кечинде БШК “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратты.
Бабанов 2017-жылдын 30-декабрында саясаттан биротоло кетерин ачык жарыялаган. Андан бери анын атынан БШКга алып келишкен арыздарын анын өзү колу менен жазганы шек туудурат деп кабыл албай жатышкан. Бүгүн, 19-январда анын өз колу менен жазган арызын кабыл алышып, ушул эле күнү арызы БШКнын отурумунда каралып, депутаттык мандаттан ажыратылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ