26-апрелде Бишкекте өткөн Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митингинде сөз кезегин талашкан активист Гүлжигит Исаковду атамекенчи депутат Каныбек Иманалиев “бул Атамбаевдин провокатору! Биз мындай провокаторлорду көп көргөнбүз. Митингден чыгарып жибергиле! Милиция, муну алып кеткиле!” деп кыйкырып, чоң ызы-чуу чыккан.
Ал эми Гүлжигит Исаков өзү Садыр Жапаровду колдоп сөз сүйлөөгө жазылганын, анын кезеги келгенде атамекенчи депутат Каныбек Иманалиев кезекти сыйлабай микрофонду ээлеп алганын билдирген.
Бүгүн, 30-апрелде араздашкан эки тарап жолугушуп, бири-бирин түшүнүшкөнүн депутат Каныбек Иманалиев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып билдирди:
“Бүгүн фейсбукта улуттук кызыкчылыкты таамай коргоп келген жигит Гүлжигит Исаков менен кездешип, бири-бирибизди түшүнүштүк, кечириштик. 23-апрелде болгон митингде “Атамбаевдин провокатору” деген сөз чыкты эле, андай эмес экенине эл да, мен да ишендим. Милиция кызматкерлери ата-энесине чейин текшерип барган экен, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго чалып, бул окуяны териштирип, жообун берүүсүн сурандым. Ушул окуядан кийин тынчсызданып жаткан ата-энесине ден-соолук жана мындай намыскөй уулу менен ар дайым сыймыктанып жүрүшүн каалайм.”
Бул текстке ылайык, депутат Каныбек Иманалиев өзүнүн жаңылышканын мойнуна алганга эрки жетип, бирок жаңылыштыгы үчүн Гүлжигит Исаковдон кечирим суроого жигиттик эрки жетпептир.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ