Бүгүн, 7-январда генерал Касем Сулейманини ирандыктар акыркы сапарга узатышат. Маркумдун сөөгү туулган жери Керманга берилет. Бул тууралуу Ирандын ММКлары жазып чыкты.
Эске сала кетсек, 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп генерал Касем Сулейманини эмнеге өлтүрткөнүн ачык эле айткан. Анын мындай сөзүнөн кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон тынчсызданып, АКШнын мындай кыймыл-аракети Жакынкы Чыгыштагы абалды кескин курчутуп жибериши ыктымалдыгын билдирген.
6-январда, Трамптын башын алуу маркум Сулейманинин коштошуу зыйнатында айтылган. Анда Иранда жашаган 80 млн калктын ар бири бир доллардан чогултуп, АКШ президенти Дональд Трамптын башын алууга берилээри баса белгиленген. Сулейманинин өлүмүнөн кийин, Иран менен Америка касташып калды, бири-бирине тиш кайрап турган чагы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ