Намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне. Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп үй-бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу, кыргыз мырзаларына таандык көрүнүш болбошу керек го. Бирок тилекке каршы бул болуп жаткан көрүнүш. Мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка алдырып баратышы бул – олуттуу көйгөй.
-Аялдын этегин кармап күн көргөн эркек, эркекпи?
-Эркек бул үй-бүлөнүн кожоюну, ошондуктан аялын, бала-чакасын кароо жана камсыздоо эркектин милдети. Аялдын колун карап өзүнүн жанын багуу Исламга туура келбейт. Негизинен уул кыздарыбызга Аллах өзү ыйман берсин. Түшүндүрмө иш-чараларын жүргүзүп дуба кылалы. Коомдогу эркектин орду боюнча түшүндүрмө иш-чараларын жүргүзүп дуба кылышыбыз керек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ