Menu

Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду жаза өтөөдөн бошотуу мындан ары борборлоштурулган атайын медициналык комиссия тарабынан өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу «Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомго кол койду.

Токтомдун негизги максаты – Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылууда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, ошондой эле аталган категориядагы адамдарды клиникалык изилдөөнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Документке ылайык, жаза-аткаруу системасындагы соттолгон оорулууларды медициналык күбөлөндүрүү, соматикалык оорулар боюнча облустардын аймагында жайгаштырылган Чүй облусунун Борбордук №47 мекемесинде жана мекеменин алдындагы № 31 кургак учук өпкө оорулар мекемесинде борборлоштурулган атайын медициналык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, соттолгон оорулууларды соттук-медициналык комиссияга (СМК) сунуштоо үчүн, толук медициналык клиникалык текшерүүдөн өткөндөн кийинки негизделген клиникалык диагноз болушу керек. Соттолгондорду андан аркы жазасын өтөөдөн бошотууга негизделген медициналык күбөлөндүрүү тыкыр стационардык шарттарда жүргүзүлүшү керек.

Дайындалган дарылоо курсу натыйжасыз болсо, же соттолгон жарандын  ден соолугу начарлаган учурда, медициналык документтер атайы дарыгердик-эмгектик эксперттик комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоо максатында, органдардын тизмесин кеңейтип, СМК курамына  Прокуратура жана коррупцияга каршы Мамлекеттик кызматтын, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүн киргизүү сунушталат.

Белгилей кетчү нерсе, токтомдун ченемдери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ошондой эле жалпы таанылган принциптерге, эл аралык укуктун ченемдерине жана  Кыргыз Республикасы катышып келген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: