Menu

Фото – Суданда 16 жаштагы кыз аукционго коюлуп, калыңы 500 уй, 3 джип, $10.000ге бааланып сатылды

Бөлүшүү:

Түштүк Судандын тургундары 16 жаштагы Ньялонг Ньонг Дэн Джаланг аттуу кызды Facebook социалдык тармагына сатууга аукционго коюшту. Бул тууралуу Vice News сайты жазып чыкты.

Кыздын ата-энеси өспүрүм кызга күйөө издерин билдирген. Аукциондо кыздын калыңына 530 уй, Land Cruiser V8 үлгүсүндөгү үч автоунаа жана 10 миң доллар сунуштаган жергиликтүү ишкер утуп алган. Кыздын мындай кымбат сатылышынан улам судандык массалык маалымат каражаттары Джалангды “Африкадагы эң кымбат келин” деп аташты.

Социалдык тармактарда өспүрүм кыздын сатылышына укук коргоо уюмдары дагы көңүл бурушуп, “Plan International South Sudan” жергиликтүү уюмунун башчысы Джордж Отим технологиянын жардамы менен адам сатуу заманбап кул базарын эске саларын айтты.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири социалдык тармактан кыз сатуу таң калдырды”, – деди Отим.

Активисттин айтымында мындай ийгиликтүү адам сатуу келечекте дагы мындай окуялардын болушуна өбөлгө түзүшү мүмкүн. Кызды сатуу боюнча жарыя 25-октябрда чыккан, бирок Фейсбук билдирүүнү 9-ноябрда, тагыраагы өспүрүм кыз турмушка чыккандан кийин өчүргөн.

Айта кетсек, Суданда өспүрүм куракта турмушка чыгуу мыйзамсыз, бирок өлкөдөгү кыздардын жарымынан көбү 18 жашка чыкпай турмуш курушат.

Булак: Vice News 

Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: