“Урматтуу курултайдын делегаттары! Урматтуу президенттин өкүлү, сиздерге бүгүн эл ишенич артып жатат, бирок, ушул элдин ишеничинен артка кайтпагыла, ачык айталы – сиздер ташыркап, жай баратасыңар, кадамдарыңар, саясый эрк чечкиндүү болушу керек”, – деп билдирди бүгүн, 24-ноябрда жарандык активист Урмат Акунов Бишкекте өткөн элдик курултайда.
Атамбаев 6 жылда эмне кылганын эл айтып жатат… Атамбаев Нарындын элин “малсыңар!” деген, Таластын элин “эл эмессиңер!” деп ошол Теңир-Тоодо туруп жайлаган. Ошондуктан биз Теңир-Тоолуктар талап кылабыз, азыр “Атамбаев бүгүнтөн баштап эл эмес, элдин кулуну эмес, кыргыз элинин чыккынчысы!” деген сунушубузду добушка салып бергиле, жалпы эл колдойт. ( ушул жерде залдан “Туура! Туура!” деп колдогон кыйкырыктар чыкты) Анан Алмаз Атамбаевди жазга чейин сот жообуна тартып, камакка алып, ошол эле үй-бүлөсү менен, Сейит менен Сейтек деген балдарын кошуп, ошол эле аялын кошуп туруп камабасаңар жазында эл силерге каршы чыгат!”- деди Урмат Акунов.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ