Menu

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга чогулду

Бөлүшүү:

Кытайда жакындары камалган жарандар бүгүн, 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында жыйынга чогулушту.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата Журттун ыктыярдуу жаштары” уюму уюштурган жыйынга Кыргызстандан онго жакын жаран барган. Ошондой эле, Кытайдагы туугандарынын дайынын билбей жаткан ондогон казакстандыктар бар.

Алар батыш мамлекеттеринен, Англия, Германиядан келген журналисттерге маалымат берип жатышат. Эл аралык коомчулукка, кыргыз-казак бийлигине кайрылып, Кытайда камакта отурган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышууда.

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин, казактардын саны беш жүз миң деп айтылганы менен иш жүзүндө жети жүз миңдей экенин буга чейин “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда, камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери дүйнөлүк маалымат каражаттарында “Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат” деген туура эмес кабар тарап жатат. Буга байланыштуу Кытайда башка улуттардын, диндин өкүлдөрүнө да куугунтук болуп жатканын, бейкүнөө камалып, кыйноого алынып жаткандарды бошотуу зарылдыгына эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдуруу аракети көрүлүүдө. Батыштык журналисттер да ушул максатта чакырылган.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаң уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми казактар 1 миллион 400 миңден ашуун.

Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кабарсыздыгын, камакта жатканын айтып “Азаттыкка” көп кайрылууда. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунан жардам күтүүдө.

Кыргызстандын бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча кандайдыр бир дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек. Буга чейин Казакстан Кытайга нота жолдогон. Коңшу өлкөдө жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, Казакстанга келген.

​Шинжаңда миңдеген адамдар “саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар “саясий тарбия берүүчү лагерлерди” “түрмө, концлагерь” деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор” катары сыпаттап келет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: