Menu

Фейсбук «жалган» маалыматтарга каршы күрөшөт

Бөлүшүү:

Фейсбук социалдык түйүнү жалган маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн жабдуу иштеп чыкты. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

Эми колдонуучулар Фейсбукта такталбаган жаңылык көрсө билдирүүнүн жогорку оң бурчуна кирип, маалыматтын жалган деп эсептелери тууралуу белгини баса алышат.

Фейсбук шектенүүлөрдү жараткан билдирүүлөрдү фактыларды текшерүү менен алектенген уюмдарга жөнөтөт. Эгер эксперттер билдирүүлөрдүн «жалган» экендиги менен макул болушса, ага «талаштуу» деген макам берилет.

Андай билдирүүлөр социалдык түйүндөн жок болуп кетпейт, алар менен бөлүшүүгө мүмкүн болот, бирок бөлүшкөн маалда колдонуучу жаңылыктын «талаштуу» экендиги тууралуу дагы бир жолу эскертүү алат. «Талаштуу» билдирүүлөр Фейсбук колдонуучуларынын лентасында сейрек пайда боло баштайт. Андан сыркары Facebook спамчыларга каршы алгоритм киргизүүдө.

Компаниянын жаңылыктар менен иштөө боюнча вице-президенти Жон Хеджмен белгилегендей, соцтүйүн жалган маалыматтардын таралышына каршы күрөшүү зарылдыгын түшүнөт, бирок ошон эле маалда Facebook маалымат алмашуу үчүн ачык аянтча катары өз ролун сактап калуу ниетинде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: