Menu

Игордун “ити” каяктан чөп жеген?

Бөлүшүү:

ЖК депутаты Игорь Чудиновду кимдер гана тааныбайт? Учурунда экинин бири болуп өкмөт башчылыкты дагы аркалап турбадыбы. Жөн гана мамкызматты аркалабай чөнтөгүн болжолсуз кампайткандардын анык бири эмеспи. Качкын прези­дент Курманбек Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири болгон. Учурда да алар менен абдан тыгыз мамиле күтүп, Максимчиктин Кыргызстандагы бизнестерин, мүлктөрүн көзөмөлдөөрү жашыруун эмес. 2010-жылы «шефи» качып кеткенден кийин башын багалегине катып, үн-сөзсүз жатты беш жыл бою. Анан акырын  баш көтөрүп Кыргызстандын белдүү,  демдүү, анан эбак «соодасы» бүткөн саясатчыларынан бери аралаштырып туруп, «Бир бол» партиясын түптөп,  шайлоого аттанып жыйынтыгыңда 11 мандат менен парламентке илээшип келбедиби. Ушу кишинин премьер- министр болуп турганда басып койгон байлыктары тууралуу коомчулук кеп козгой баштады. Алсак, борбор калаабыздагы тармакташкан «Боорсок» соода түйүндөрү, Манас көчөсү менен Токтогул көчөсүнун кесилишиндеги жаңы салынган имарат, Ош базардын ичиндеги «Берекет» соода үйүнүн бет мандайына салынып жаткан имарат, айтор санап олтурса сөз ’ көп. Айлыкка жашаган адам ушундай мүлктөргө кантип жетти экен деген суроо туулат. Тоок уурдаган байкушту томсортуп туруп мыйзамга такап темир тор артына тыккычтар качан Чудиновго окшогондорго алы жетет? Эгер антпей турган болсо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүнө шек кетип жатпайбы.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: