Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин жалпы эл нааразы. Көп акчалар бийлик тараптан уурдалганы ачыкталды. Кеп жүз миллионго жакын доллар тууралуу болуп жатат. Буга Жантөрө Сатыбалдиевдин, Осмонбек Артыкбаевдин, Сапар Исаковдун, Айбек Калиевдин тиешеси бар экени айтылууда. Булар жогорку жакка шылтап кетишсечи? Фамилиясы аталгандар али түрмөгө отургузула элек, бирок, эмитен эле экс-президент Атамбаевди сатканга даяр болуп тургандай го?..
Элдин кыжыры келип, ар бири 600 доллардан сатылып алынган аттиштер менен катардагы аткаруучулардын эмес, эң башкы коррупционерлердин тишин жулууну каалап турушат. Баары нааразы. «Эмне үчүн Абдил Сегизбаев 386 млн. долларлык кытай кредита боюнча кылмыш ишин козгоп, документтердин баарын алат да, оозуна талкан салып отурат?» деп сурашууда. Же мурдагы шефи Атамбаевден коркуп жатабы? Абдил мундиринин намысын ойлоп, бир адамдан эмес, элдин каарынан корксун!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ