Кыргызстан мектеп программасын 12 жылдык окууга өткөрүү үчүн билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап жатышканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалым кылды. Министрдин айтымында бул эл аралык, дүйнөлүк практикада бар. Азыркы тапта 12 жылдык окууга өткөрүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетет экен. Бирок бул маселе быйыл же кийинки жылы ишке ашат деп айтууга болбойт. Учурда бул маселенин артыкчылык-кемчиликтери анализденип жатыптыр.
Албетте, бул жагдай боюнча коомдо пикирлер ар түрдүү. Көпчүлүк 12 жылдык окууга каршы ойлорун айтышууда. Анткени мамлекет бул нерсе менен мектепти аяктап жаткан 100 миңдеген окуучуну дагы бир жыл ата-эненин мойнуна мингизип турууну эп көрүп жатат. Бул жагдай мектептерди аяктап, жогорку окуу жайларына өтө албай, жумушсуздардын катарын толуктагандардын санын азайтууга багытталган. Экинчиден 12 жылдык программа ишке кирсе, мамлекеттин бюджетине да оорчулук келет. Мамлекет 12-класстын окуу куралдарын чыгарыш керек, мугалимдердин айлыгы бар. Бул кошумча түйшүк. Демек артык кылуудан мурда, тыртык кылып алуу коркунучу күч. Эгер 12 жылдык окуу боло турган болсо окуучулар повар, сантехник, сварщик, водитель сыяктуу кесиптик билим алып чыгышы зарыл. Ошондо жогорку окуу жайларга тапшырбагандар иш таап, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ