Алматы шаардык соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Асылбек уулу Дамирбекти 15-майга чейин тергөө абагына калтырууга чечим чыгарды. Бул тууралуу коцшулардын Tengrinews.kz порталы жазып чыкты. Анда белгилүү болгондой, февраль айындагы ата-йын операцияда аткезчилик боюнча кармалган Асылбек уулу Дамирбектин үй камагында кармоо мөөнөтү ушул күндөрү аяктамак. Бирок сот Асылбек уулу Дамирбек менен Уланбек Мурадиловду 15- майга, Чьщгыз Абакировду 16- майга чейин камакка кармоо мөөнөтүн узарткан.
Эске сала кетсек, Асылбек уулу Дамирбек Казакстанда кылмышка шектелип камалып, кош жарандуулугу аныкталгандан кийин БШК мандатынан ажыраткан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ