Menu

Көлдүн аттуу-баштуулары аман эле болсун, бийликтен коркуп ар кимиси ар кайсыл тешикте жашынып

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдүн мыкты улан-кыздары кайда? Алар эмне үчүн учурдагы кырдаалга байкоо салып, жердеши Садыр Жапаровдун таламын талашышпайт? Макул, бийликтен коркуп ар кимиси ар кайсыл тешикте жашынып жатсын дейли. Жок дегенде Жапаровдун үй бүлөсүнө колдоо көрсөтүп коюшпайбы. Ысык-Көлдөн кандай гана залкар адамдар чыккан. Академиктер, профессорлор, олуялар, көрөгөч акелер чыккан. А азырчы, азыр төбөсү көрүнгөн ким бар, сөзү өтүмдүү ким бар? Жапаров камалып жатса калыс пикирин айта албаган карыяларына не дейбиз? Мейли Жапаров күнөөлүү болсун дейли, бирок жердеш катары тилектештик билдире турчу көлдүктөр жокпу? Көлдүктөрдүн ынтымаксыздыгынан, бири-бирин көралбаган, кайдыгер сапаттарынан улам, өкмөттүн курамында акыркы жети жылдан бери эч бир көлдүк жок. Жаштарды колдоо деген жок. Биримдик жок, анан сүйлөшсө асмандын башын сүйлөшөт. Кыскасы аман болгула көлдүн төбөсү көрүнгөн азаматтары…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: