Menu

КСДП бирдиктүү талапкер катары Болот Сүйүнбаевди алып чыкканда жарашмак

Бөлүшүү:

КСДП бирдиктүү талапкер катары президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековду көрсөтүп атса, бир жагынан Чыныбай Турсунбеков жыра тартып, каршы чыгып келгени кандай? Ошого катар партия ичинен дагы өз ара бөлүнгөн топтордун да «былгышканы», ынтымактын жоктугу даана байкалууда. Мындан улам бир идея келип турат. Эгерде КСДП ажолукка талапкер катары УКМКнын орун басары Болот Сүйүнбаевди көрсөткөндө, ички интригаларга чекит коюлуп, ырааттуу жүрүшкө жол чабылмак. Бир жагынан бул кадрды Москва да жактырып, о.э. Кыргызстандын түндүк-түштүк регионунан чыккан тыңчыкмалардын дээрлик көпчүлүгү колдошмок. Кыргыз эли ар дайым жаңылыкка суусап турат эмеспи, мындай таза, харизмалуу фигурага кызыгуу артышып, жапатырмак бурулуп кетиши мүмкүн эле. Эми бу саам Бокени көрсөтүшпөсө, кийинки так талашта багы жанып калаар. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, эл башкарган Ахматбек Сүйүнбаевдин жакындарынан бирөө чыгыш керек эле. Болот мырза бул жагынан даана көзгө көрүнүп, болуп-толуп турган чагы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: