Menu

Октябрь мырзанын айынан салык жаатына “кыш” келдиби?

Бөлүшүү:

Бир тарабы аракет кылып, оңолуу, өргө карай кадам таштоо менен алектенип жатса, бир тарабы эски «эпилепсиядан» чыга албай убара. Бул биздин өлкөдөгү Өкмөттүн бутактарындагы абал. Жалпылабай конкреттештирсек, салык кызматындагы тээ мурдагы баш аламандыктар кайрадан жанданып жаткандай. Замир Осмонов жетектегенден бери салык тармагы дээрлик ирээтке келип, атамекендик өндүрүшчүлөрдү баса калып текшерүү фактылары бир топ кыскарган эле. Бирок, бул бактылуу учур узакка созулбады. Бүгүн салыкчылар атамекендик өндүрүшчүлөргө карата «текшерүү» операциясын өркүндөтүп, эски адат кайрадан баш көтөрө баштаганы кандай? Маселен биздин өндүрүшчүлөрдүн төлөп жаткан салыгынын көлөмү жылдан жылга көбөйүп жаткан болсо, аны салык кызматы жүдөтүп, улам-улам текшербеш керек да. Салык төгүүчүнү да бир аз сыйлаш керек эмеспи. Бирок, бизде баары тескерисинче болуп жатканы кызык. Мындай башаламандыкты Салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимовдун көзөмөлдөгөнгө шайы келбей жатканы таңкалычтуу. Же бул Октябрь мырзанын «өздүк» ыкмасыбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: