Menu

Токтогулда кафе ээлерине 6000 сом айып салынды

Бөлүшүү:

Токтогулда санитардык нормаларды сактоо боюнча алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, эт сатуучу жана тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты.

Санитардык нормаларды сактабай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан эки тойканага КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протокол түзүлүп, 3000 сомдон жалпы 6000 сом айып пул салынды. Бирок алдыда дагы мааракелерди өткөрүүгө буюртмаларды кабыл алган ресторандардын буюртмалары токтотулуп, 26- сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды.

Штабтын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди. Токтогул РИИБдин жетекчилиги тарабынан бул сыяктуу алдын алуу иштери алдыда дагы улантыла тургандыгы белгиленди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: