Режиссер Ырыс Окенова «Азаттык» радиосунун үстүнөн арызданып, Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда “Журналисттер” коомдук бирикмеси билдирди.
Алардын айтымында, Ырыс Окенованын арызында ал тарткан “«Ак шоола» аттуу телесериалды тартууга бюджеттен 250 миң доллар бөлүнгөн” деп “Азаттык” жалган маалымат жазып таратып, режиссердун имиджине доо кетирген, Окенова “Азаттыктан” ошол калп маалыматты сотто төгүндөп беришин, андан кечирим сурашын талап кылганы жазылган.
Эске сала кетсек, Ырыс Окенова жолдошу (белгилүү манасчы) Дөөлөт Сыдыков экөө 10-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүшкөн. Ал жыйында Ырыс Окенова КТРКда көп жылдан бери режиссер болуп иштеп келгенин, азыркы жетекчисинин кысымынан улам жумуштан бошогонун жана “Азаттык” радиосун жакын арада калп маалымат таратканы үчүн сотко берээрин айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ