Menu

Жакында Икрам Илмиянов түрмөдөн бошоп кетеби?

Бөлүшүү:

23-октябрда президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрам Илмияновдун иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралды. Прокурор далил катары күбөлөрдүн айтканын, банктын кагаздарын жана телефон чалууларды мисалга алып, Илмияновду күнөөлүү катары таап, 7,5 жылга абакка кесүүнү, кошумча айып пул салууну билдирди. Негизи башынан айыптоо жумшак коюлуп, жыйынтыгында, прокурор «гумандуулук» кылып, жаза мөөнөтүн аз сурап атканы ушулбу? Сот болсо «шопурдун» бир жылдан ашык УКМКнын камагында отурганын эки күндөн эсептеп, калганын айып пул салуу менен чегерип койсочу? Ошондо Илмиянов УКМКнын СИЗОсунан эле эркиндикке чыгып кетүүсүнө шарт түзүлөт го… Башынан эле «шопурду» айыптоо мыйзамдын «жеңил тилине» алынганы көшөгө артынан сөз болуп келген. Бир жылдан ашык түрмөдө отуруп, элдин ачуусу басылса, анан үстүндөгү «шакмардан» арылып кетет да… Логика болбосоң коё кал!

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: