Баткен облусунда жергиликтүү тургундар Кызыл Китепке эбак кирген боз эчки эмээр (варан) жаныбарын ачык эле сатып жүрүшөт. Бул туурасында жергиликтүү тургундар кабарлашты.
– Маселен, Баткен районуна караштуу Таян кыштагында айыл тургундары ар бир эчки эмээрди (варанды) 2000 сомдон ачык эле соодалап жатышат. Муну бул жерге капысынан келишкен туристтер сурабастан, жөн эле сатып алып жатышат, – деп тызылдады Таян кыштагынын жашоочусу. Ал эми Баткен районунун жетекчилиги мындан таптакыр кабары жоктугун айтып актанышууда.
Булак: «Майдан. kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ