Menu

Тажикстан ТИМи Орусияда өлтүрүлгөн тажик кыздын иши боюнча сотко көз салууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкөнүн Орусиядагы элчилигине Хувайда Тиллозода аттуу беш жашар тажик кыздын өлүмү боюнча сотко көзөмөл кылуу тапшырмасын берди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул ишти карап жаткан Серпухов шаарындагы сотко расмий кат жөнөтүп, отурумга тажик дипломаттарынын катышуусуна уруксат берүүнү өтүндү. Өткөн жумада башталган сот жабык өтүп, ага адвокаттар менен Хувайданын атасы гана киргизилүүдө.

Алгачкы отурумда айыпталуучу Александр Сёминдин адвокаты угууларга кыздын атасы Абдусалов Саидовду катыштырбоону өтүнгөн. Ал бул кайрылуусун Саидов кыздын чыныгы атасы эмес экендиги жана ал бул иште доочу боло албай тургандыгы менен түшүндүргөн. Бирок Саидов Хуайдонун атасы экенин айтып, колунда муну ырастай турган документтери бар экенин билдирүүдө.

Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Бул окуядан кийин тажик тарап Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, иш боюнча адилет тергөө өткөрүүнү талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: