Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында болду.

Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик желектин авторлорун куттуктап, алардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын Туусу – мамлекеттин негизги белгиси. Мамлекеттик желектин өзгөчө маниси бар. Бул жөн элестүү сүрөт эмес, сыймыктуу нерсе», – деп вице-премьер-министр белгиледи.

Мамлекеттик туунун авторлору Өкмөткө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Биз Кыргызстандын желеги бийик көтөрүлгөн сайын сыймыктанабыз. Биз туунун авторлору болгондугубуз үчүн эмес, бул биздин өлкөнүн негизги символу экенине сыймыктанабыз», – деп белгилешти туунун авторлору.

Мындан тышкары жолугушууда желектин авторлорунун көз карандысыздыкты бекемдөөгө кошкон салымын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.

Мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан белектер берилди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров и Маматбек Сыдыков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: