Menu

“Түштүк Кыргыз Цемент” ишканасы кайрадан талашка түштү

Бөлүшүү:

“Түштүк Кыргыз Цемент” жабык типтеги акционердик коомунун – ишканасынын кирешеси түгүл өзү дагы акыркы мегзилде чоң талаштын жемине айланды дагы, калды. Жогорку Сот, андан кийин жаңыдан ачылган жагдайды катуу териштирген Жалал-Абад облустук соту дагы аталган ишкананын Ош облусунун Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагында жайланышкандыгын биротоло тастыкташып, салык жана башка төлөмдөрдү толук бойдон аталган айыл өкмөттүн эсебине которууну мамлекеттик органдарга бекем милдеттендиришти.

Гүлбара ТОКТОРОВА, Ноокат районундагы “Алтын муун-Жеткинчек” балдар бакчасынын башчысы: – Жогорку Соттун чечими акыркы, ал таптакыр даттанууга жатпайт. Ал бардык мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга гана тийиш! Талаштуу жагдайдын негизги шылтоосу: Кызыл-Кыя мамлекеттик каттоо кызматы “Түштүк Кыргыз Цемент” жабык типтеги акционердик коомуна мамлекеттик актыны мыйзамсыз тартуулап жиберген. А тигилер дал ушул жагдайды – Кызыл Китепти ушул убакка дейре беттерине карманышып гана келатышат. Мындай жосунсуз жорукка Жогорку Сот дагы, анан Жалал-Абад облустук соту дагы биротоло чекит коюшпадыбы. Алардын чечимдерине ылайык Ноокат райондук мамлекеттик каттоо кызматы өзү эле “Түштүк Кыргыз Цемент” заводуна мамлекеттик акт жазып берсе, бул жаңжал мынчалык деңгээлде ырбамак эмес!

Азимжан АБДИЛЛАЕВ, Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы Айылдык Кеңешинин мурдагы төрагасы, саламаттыкты сактоонун мыктысы: – “Түштүк Кыргыз Цемент” жабык типтеги акционердик коому Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан” деп жең ичинен мыйзамсыз мамлекеттик акт беришкендиги үчүн Кызыл-Кыя шаарынын ошогездеги мэри Абдурасул Анарбаев өңдөнгөн үлкөн аткминерлер азыр деле мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылууга тийиш! Анткени, мен Төрөбай Кулатов атындагы Айылдык Кеңешин жетектеп турганымда, райондук соттон баштап Жогорку Сотко чейинки бардык сот жараяндарына үзбөй катышып, Ноокат райоунун кызыкчылыгын куп эле коргодум. Ошондуктан, сот органдарынын бардыгы тең колубуздагы документтерди жана карталарды абдан дыкаат караштырып, “Түштүк Кыргыз Цемент” жабык типтеги акционердик кому Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө гана таандык экендигин далидөөгө ачык батынышты. Ошондуктан, алардын бардыгы аргасыздан биздин пайдабызга гана чечим токушту. Тилекке каршы, бул адилет чечим эмдигиче аткарылбастан, дагыле чоң талаштын булагына гана айланып келатат.

Курсанаалы МАТКАРИМОВ, Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак-Баглан айылдарынын башчысы: – Акырында Кыргыз Өкмөтү кыйтырлык кылып, быйыл “Түштүк Кыргыз Цемент” ишканасынын пайда салыгын Ноокат районуна жана Кызыл-Кыя шаарына теңме-тең бөлгөн буйругун жарыялады. Бирок, мунусу элге кеңири тарай электе аргасыздан жок кылышты. Муну кандай түшүнсөк болот? Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламентте Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына боор тартып, кызыл-кыялыктарды ноокаттыктарга каршы тукурган мааниде сөз сүйлөбөдүбү. Булар мындай саясий күрөштүн эң ыплас жолун мындан ары токтотушпаса, чыдамы түгөнгөн эл тим эле көтөрүлгөнү турат, эй! Мындай тирешүү оңойлук менен бүтпөйт, анда кантесиңер ыя, кымбаттуу аткминерлер?

Нуридин МАДИМАРОВ, Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: – Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү саясатын биз деле бекем колдойбуз! Демек, мындайда “Түштүк Кыргыз Цемент” ишканасы дагы биздин аймакта жайгашкандыктан, Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө салыкты жана башка төлөмдөрдү бүт кечеңдетпестен өз маалында төгүп турууга милдеткер! Жогорку Кеңештин депутаты, урматтуу Карамат эжекебиз Орозова бул маселени парламенттин бийик трибунасынан утуру көтөрүп, ансыз деле тынч жаткан элди дүрбөтпөсүн! Менин жердештерим бул боюнча али үн катыша элек. Алар менден гана Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын бекем жана ырааттуу түрдө катуу колдоомду ыраса талап кылып жатышат…

Ошентип, “Түштүк Кыргыз Цемент” жабык типтеги акционердик коомунун – түштүк жергесиндеги эр ири ишкананын тагдыры бир жаңсыл жана мыйзам чегинде гана чечилбесе, чырдашкан эки тараптын – Ноокат районундагы Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын өр ара тирешүүсү бу кебетесинде жакын арада бүтчүдөй эмес. Демек, мындай олуттуу талашка Жогорку Бийликтин гана кийлигишүүсү кажет, чекит койгону оң! Башка аргасы жок…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: