7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.
Капитан Ош аэропортуна кайтып келип, эне-бала “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы экени айтылды.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ