Menu

Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Сопоковдун баласы менин жардамчым болгон, атасы менен болгон чырдан кийин жумуштан кетти”

Бөлүшүү:

Депутат Ыстамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков менен тааныш болгонун жашырбады. Бул тууралуу 18-ноябрда Racurs.kg маалымат агенттиги билдирди.

Зулпукаров экс-консулдун уулу Азамат анын жардамчысы болгонун айтып:

– Атасы менен болгон ызы-чуудан кийин арызын жазып кетип калды. Мурда КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген. Мен Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Тыгыз байланышта иштегенбиз. Үй-бүлөсүн тааныйм. Сопоковду тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го.

Эскерте кетсек, экс-консул Эркинбек Сопоковдун уулу ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы экени ММКларда айтылган эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: