Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес, элге берген убадаларды аткаруу

Бөлүшүү:

Түрдүү саясый күчтөр ар качан президенттик бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтулушчу. Бирок менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын  канааттандыруу эмес, элге берген убадаларымды аткаруу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбеков  бүгүн, 6-мартта басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууга республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган чет элдик басма сөз  кабарчылары чакырылган.

Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын  Президенти  болуп шайланган мезгилден берки  аткарган иштерине токтолду. Россияга, Өзбекстанга, Казакстанга жана Тажикстанга жасаган чет элдик визиттери тууралуу айтып берип, коррупцияга каршы күрөш жарыялагандыгынын максаты жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча Жарлыгын ишке ашырууга токтолду. Региондорду өнүктүрүү тууралуу Жарлыгы боюнча айтып келип, Президент   бул документ Өкмөттүн өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн программаларын ишке ашырууга инструмент болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. Жарлыкка  кол коёрдо  региондорду каржылоодогу дисбалансты жоюуга жана жумушчу орундарды түзүү аркылуу миграцияны кыскартууну максат кылгандыгын кошумчалады.

Президент  укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын ишине баа берген 2018-жылдын 8-февралындагы  Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы теманы улантып, коррупцияга каршы күрөш туурасында өзүнчө кеп кылып берди. Журналисттердин көпчүлүк суроолору  дагы ушул багытта болду. Ал суроолорго жооп берип  жатып Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө кыргызстандыктардын, анын ичинде  жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосуна таянаарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын   сөзүнөн кийин   жолугушуу “суроо-жооп” форматында уланды.  Дээрлик жолугушуунун бардык катышуучулары райондук гезиттердин мындан аркы тагдырынан тартып, ИГИЛдин Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирине чейинки суроолорун  берүүгө үлгүрүштү.

Тактап айтканда,  коррупцияга каршы күрөшүү, мүмкүн болчу кадрдык өзгөрүүлөр, сөз эркиндиги жана журналисттерге карата сот процесстери, кен байлыктарын иштетүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, эл аралык мамилелер жана Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматында алдыдагы  пландары жөнүндө маселелер камтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну аяктап жатып жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерин   өз ишин аткарууда  мамлекетти колдоого чакырды. Өз кезегинде Президенттик ишмердигинде ачык болууга убада берип, басма сөз  өлкөнү өнүктүрүүдө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо зор роль ойноорун белгилеп өттү.

Президент Соронбай Жээнбеков жолугушуу болоор алдында   айым журналисттерди келе жаткан Аялдардын эл аралык  күнү менен куттуктап, гүл тапшыргандыгын белгилей кетели.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: