Menu

“Атамекенчилерде” ар барбы?

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” партиясынын боссу Өмүрбек Текебаев азыр боштондукта жүргөндө саясий абал мындан да курч мүнөзгө туш болуп, көркүнө чыгат эле. Өмүкенин жоктугун саясаттын быкшып түтөп жатканы көрсөтүп койду. Лидери жок “атамекенчилер” кайда барарын, кимдин колун кармаарын билбей, энесин издеген улактай эле болуп жүрөт. Ар кимиси ар кимдин этегине жармашып дегендей. Бабановго учурунда катуу сөз айткан “атамекенчилер” азыр аны менен желек кармап салтанаттуу параддан өтүп жаткандай болуп жатса, кээ бири Жээнбековдун жанынан жылуу орун алууга жан үрөп жатышат. Ал тургай кээ бирөөсү өзүнүн айылына барып, Жээнбековду колдоп койгула деп үгүттөп жүргөнүн ким тана алат? Ишенген кожолорунун бул кылыгын уккан Текебаев да баш бармагын тиштеп олтурса керек, кимдерди жаныма топтоп алганмын деп. Лидери катуу кармашты баштаган соң, калганы да ошол дем менен турушу керек эле да. Көрсө, Текебаевден башкасынын баары ары жоктор турбайбы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: