2017-жылдын жыйынтыгында республикалык бюджетке 59 млрд 954 млн сом өлкөмүндө салык төгүм түшкөн. Бирок, бюджетке алдынала пландалгандан 1 млрд 622 млн сом кем чогултулду. Ошентип, салыктык 97,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.
Ошого карабастан, өткөн жылдын жыйынтыгында салыктык каражат 2016-жылга караганда 5 млрд 640 млрд сомго көп түшкөнүн белгилеген Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов негизинен 5 булактан кемүү болгонун белгиледи. «Мисалы, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импорттон 1 млрд 953 млн сом кем алынды. Экинчиден, ноябрь айында чек арада соодага чектөө коюлгандыктан, унаа менен жүк ташуу 44 пайызга чейин кыскарды. Үчүнчүдөн, кирше салыгынан да 806 млн сом аз чогултулду. Ошого карабастан, өткөн жылы андан мурдагы жылга караганда көп жагынан өсүү болду», – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ