“Жаштык кез” аттуу ыры менен тынч жаткан элдин эсин эки кылган Кайрат Салмакеевдин жаңы образы көпчүлүктү дүрбөттү. Социалдык тармактарда бул ырчынын ырдоо манерасын, имиджин, этика-эстетикасын сындагандар абдан көбөйдү. А түгүл анын аткарып жаткан ырына пародия жазып ырдап, өзүн туурап жылтырак баштыкты кийип, башына саман байлап ырдап чыккандардын саны арбууда. Ырчы элдин сынына сынбастыгын, тескерисинче психологиялык жактан элди ушул нукка тарбиялап, акырындан көндүрүп жаткандыгын телеканалдардын биринде берген маегинде баса белгилеген.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ