Menu

Мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо 2017-жылдын 1-декабрында аяктайт

Бөлүшүү:

«Үстүбүзлдөгү жылдын мартында түзүлгөн жумушчу топ  азыркы кезде мамлекеттик мүлктү кеңири масштабда инвентаризациялоону жүргүзүүдө. Инвентаризациялоо процессси 2017-жылдын 1-декабрында аягына чыгат» – деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын жакшыртуу» темасында өткөн маалымат жыйынында. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Болсунбек Казаков эскерткендей, Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен өлкөдөгү мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнө оптимизациялоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 1000ге жакын иштебей турган мамлекеттик ишканалар аныкталды.

«Өткөрүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, 1000ге жакын мамлекеттик ишканалар « кагаз жүзүндө» гана  иштеп келген. Анын ичинде бүгүнкү күндө  иштеп жатканы  166, келечекте мамлекеттик ишканаларды 26га чейин   акционерлештирүү, менчиктештирүү, жокко чыгаруу жана кайра түзүү жолу менен кыскартуу пландалууда», -деп баса белгиледи Болсунбек Казаков.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы белгилегендей, мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоонун жыйынтыгы боюнча бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү зарыл  жана «керексиз» мамлекеттик мүлктөрдү жокко чыгаруу боюнча иштер улантылат.

«Мамлекеттик ишканалардын чыгашаларындагы негизги фактор ашыкча штаттык орундар жана натыйжасыз  башкаруу системасы. Өкмөт башчы биздин алдыбызга так милдеттемелерди койгон, биз ошол багытта иштөөнү улантып жатабыз», – деди Болсунбек Казаков.

Ал мамлекеттик ишканаларды инвентариязациялоонун жыйынтыгында, алардын ишмердүүлүгү дайыма коомдук көзөмөлдө болуп тургандай мамлекеттик ишканалардын бирдиктүү базасы түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле ал мамлекеттин менчигиндеги ишканалардын кирешелерин ачык көрүүгө мүмкүндүктөр жараларын да кошумчалады.

Болсунбек Казаков мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун көтөрүү максатында, экономика министрлиги менен  бирге, мамлекеттин менчигиндеги ишканаларды башкаруу системасын реформалоо Концепциясы иштелип жатканын да баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: