Президенттик шайлоо алдында бириккен төрт саясатчы – Адахан Мадумаров, БакытТөрөбаев, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдин кадамдары кандай болот деген маселе коомчулуктун байкоосунда турат. Ушул айдын аягына жакын бирдиктүү талапкердин аты белгилүү болот. Азырынча кимдин этегин кимдер кармайт, кимисине оомат оойт белгисиз. Бул төртилтик учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Жолугушуу болгон жерлерде төрт саясатчынын биригүүсү кызуу колдоого алынып жатканын адилеттик үчүн айтып коюу парз. Мындан улам, бир муштумга биригип саясий салмактары арткан жаңы саясий альянстын аброю жогорулап, таасири өсүүдө. Сыягы, ынтымак, биримдикке суусап турган эл, бул саясатчылардын амбицияларын жыйыштырып, бөлүнүп-жарылбай бир кайыкта чогуу бололу деген демилгесине ичтери жылып жатат өңдөнөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ