Menu

Максат Токтомушев, муфтий: “Арак-шарапты талкалап дүкөн кыдырып тыйган туура эмес, айылдарда дүкөн кыдырып тыйган имамдардын жоопкерчилиги каралат”

Бөлүшүү:

Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында алкоголдук ичимдиктер жок кылынып, айылдыктар ичкиликтен баш тартышты. Маалым болгондой, 12-август күнү айылдыктар 400 миң сомдук ичимдиктерди айылдын четине алып барып талкалашты. Бул демилгени айылдын жаштары 3 ай мурун көтөрүп чыгып, айыл ичиндеги дүкөндөрдөн арак, сыраларды сатып алууга каражат чогултушкан. Маалым болгондой, 4 миңге чукул калкы бар Эмгекчил айылында 10го чукул дүкөн бар болсо, анын бешөөндө спирт ичимдиктери сатылып келген. Айыл жаштары дүкөнчүлөрдү ичимдиктерди сатпоого үндөп, бирок жыйынтык чыкпай келген эле. Ал эми, 5 дүкөндүн сатуучулары өз ыктыярлары менен ичимдик сатууну токтотушкан. Мындай көрүнүш буга чейин Ысык-Көлдүн Оттук айылында, ОштунЖапалак жана Баткендин Кадамжай айылдарында болгон эле. Бул боюнча биз “аракты мажбурлап тыйса болобу? Деген суроо менен коомдогу айрым белгилүү инсандарга кайрылып, ойлорун уктук…

Дөөлөт Сапаралиев, тарыхчы:

-Бул демилге айыл билермандары же дин адамдарынан чыктыбы мен даана билбейм. Бирок мындай жол менен аракты ашыкча ичүү илдетинен кутула албайбыз. Арак деле тамак да, туурабы, адамга кубат берет, коюлган канды суюлтат, жолдоштордун арасында жагымдуу маанай түзүлүшүнө шарт түзөт, башында алкоголь падышаларга гана арналган дары катары жаралганын эстен чыгарбайлы. Менимче, тыштагы мамлекеттердей эле элибизде да алкоголду туура ичүү маданиятын калыптантыш керек. Тыюу салуу менен проблемалар чечилбейт. Коңшу туугандарыбыз айткандай “запретный плод сладок” дейт туурабы, иччү киши кааласа бардык шарттарда таап ичет да. Бул жөрөлгө бизди коңшулардын шылдыңына жол берүүчү – жапайычылыкка окшогон жагдай деп эсептеймин. Андан көрө, чечкиндүү коомубузда алкоголду ашыкча ичүүгө алып келүүчү жагдай менен күрөшүш керек. Коомдогу социалдык-инсандык проблемаларды туура адилеттүүлүк менен чечсек, бул суроо өзүнөн-өзү жоюлат. Азырынча арабызда жүрүшкөн жакшы үлгүлүү инсандардын турмушунун негизинде элди үгүттөсөк жакшыраак болмокчу деген ишеничтемин.

Максат Токтомушев, Кыргызстандын муфтийи:

-Арак-шарапты талкалап, дүкөндөрдү кыдырып тыйган туура эмес. Айылдарда дүкөн кыдырып, арак сатууну тыйган имамдардын жоопкерчилиги каралат. Анткени арактын зыян экени бүгүн эле эмес, кылымдардан бери белгилүү. Элдин баары билет, бирок мажбурлап же талкалап сындыруу менен эмес, адамды ыйманга чакырып, арактын зыяндуулугун жүрөгүнө, тамырына жеткиргенде гана исламдын чыныгы талабы аткарылган болот.

Жолдошбек Токоев, журналист:

-Ош облусунун Жапалак айлында, андан соң Баткендин Кадамдай районунда, ушуга удаа эле Нарындын Эмгекчил айлында спирт ичимдикти саттырбоо бул атайын уюшулган диний топтордун провокациясы. Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган мыйзам жок өлкөдө. Биз динге негизделбеген мамлекетпиз, демек бул иш мамлекеттик органдардын иши. Эгер өлкөдө ошондой спирт ичимдигине тыюу салынган мыйзам болсо, анда да мамлекеттик органдар иштеш керек бул багытта. Арак, винолорду талкалап акчасын бергендер акчаны элден чогулттук деп жатышат, бул карандай калп. Акча сырттан келип жатат. Булардын максаты элди экиге бөлүп жаңжал чыгаруу. Кызыл-Кыяда да ушундай окуя болуптур, спирт ичимдикке каршы күрөшүү деген. Азыр эл экиге бөлүнүп калганын ошол жактагылар айтып жатышат. Совет доорунда И.Сталин да спирт ичимдигине катуу киришип “сухой закон” дегенди киргизсе тескери эффект бергенде, кайра тыюуну алып салган. Дагы эле совет мезгилинде 1985-жылы М.Горбачев бийликке келгенде ичкиликке каршы күрөш жүргүзүп заводдорду жапкан, жүзүмчүлүк чарбаларын талакалап жок кылган. Эл самогонго өткөн. Техникалык спирттен “самопал” деген жасалма арак жасашып, андан нечендеген жаран көз жумган. Бул бир жагы. Экинчи жагы бүт дүйнөдө мамлекеттик казынаны спирт ичимдигин, тамеки сатуудан толтурат. Эмне эртең мугалимдер, врачтар айлык, майыптар пособия албай калыш керекпи? КР Кылмыш кодексинде “өзүм билемдик” (самоуправство) деген берене бар.Жогорудагыларды таап, ошол боюнча кылмыш жообуна тартуу керек.Бул провокация тутанып кете электе.

Эмил Момунов, журналист:

-Акыркы кезде өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында аракты дүкөндөрдөн сатып алып, жок кылган учурлар болууда. Алар мындай жол менен аракечтикке каршы күрөшүп жатышат. Албетте, мындай жол менен аракты жана аракечтикти толук жок кылууга мүмкүн эместир. Бирок бул айла кеткендеги ыкма болууда. Анткени мындан башка жолу деле калбай калды. Жок дегенде ушундай күрөш жүргөн айылдардын жашоочулары, дүкөн ээлери мындан ары арак ичпей жана сатпай калуусуна шарт коюлууда. Мындан тышкары маалымат каражаттары аркылуу ал көрүнүштөр чагылдырылып, башка аймактардын жашоочулары да сергек жашоого өтүүсүнө багыт берилип жатат. Балким, бул демилге жалпы мамлекеттик деңгээлде колго алынып, өкмөт да кандайдыр бир чараларды көрөөр.

Мирхамид Токтогул уулу, КТРКнын кызматкери:

-Айла жоктун иши дейт элем. Ичкиси келгендер жердин түбүнөн дагы табат. Ит дагы ичпеген ичимдикти биз адамдар кандай гана баалап ичпейбиз. Менимче Жалпы улуттук руханий программа менен аруулоо иши аркылуу эле чечпесе… Себеби аракечтик бул аң-сезимге, атүгүл жан дүйнөгө байланышкан оору.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: