Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Аталган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен 2 оор жүк ташуучу унаасы бөлүнүп алардын жардамы менен кечээ, 14-август күнү Араван цемент заводунан 40 тонна цемент жеткирилди.
2017-жылдын 22-июнунан 14-августуна чейин жалпысынан 702 тонна цемент жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ