Ош шаарында суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги эс алуу борборлорунун кызматкерлерине жана дарыянын жээгинде эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Кээ бир жарандар куткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабастан, чоогулуп алышып, спирт ичимдиктерин ичип, мас абалда сууга түшүп жатышат”,- деди Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ