Кечээ, 12-октябрда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын графиктин негизинде көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда өлкөдө болуп жаткан “COVID-19” илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында баардык санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Айыл тургундарынан арыз даттанууларды кабыл алышып, жеринен чечип берүүгө көмөк көрсөтүп жатышат. Милициянын көчмө кабылдамасына 12 жаран кабыл алынып, 5 жаран жакшы ой пикирлерин калтырышты. Жумгал районунун аймагында мындай иш чара дагы да уланып турмакчы”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ