Menu

Эгин менен унга карата кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө демилгеси сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште азык-түлүк коопсудугун камсыз кылуу жана эгин менен унга байланыштуу бюджет тартыштыгын кыскартуу максатында иштелип чыккан «КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Экономика министри Артем Новиков ушу тапта республикалык бюджеттин таӊсыктыгы 22 млрд 453 млн сомду түзгөнүн, ошондон улам эгинди жана унду импорттоо жана алып келүү боюнча кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө демилгеси сунушталууда. Мындайынча айтканда, ун өндүрүүчүлөргө мурда берилген жеӊилдиктер алынып салынып, азыр анын коюму кайра калыбына келтирилип жатат.

Бул ченемдик укук актысынын кабыл алынышы төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши болжолдонууда:

– өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун сакталышына;

– эгинди кайра иштетүү тармагынын сакталып калышына;

– айыл чарбасынын кызыкчылыгын корголушуна;

– азык-түлүк көз карансыздыгына көзөмөлдүн сакталышына;

– бюджетке 1 млрд.сомдон ашык каражаттын түшүшүнө;

– бюджет таӊсыктыгынын кыскарышына.

Депутат Рыскелди Момбеков кезинде ун өндүрүүчүлөргө берилген жеӊилдиктер бир ууч адамдын капчыгын кампайтканы менен, бюджетке 680 млн сомдон ашуун зыян келтиргенин, мындан ары мындай алешемдиктерге жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Депутат Кожобек Рыспаев өкмөт өкүлдөрүн мурда парламентке туура эмес маалымат берип, бюджеттик ири чыгымдарга алып келген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ал эми депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын өнөктөш каржы донору Эл аралык валюта фонду Өкмөткө эгин менен унга карата кошумча нарк салыгынын коюмун тезинен көтөрүү сунушун берген. Кошумча нарк салыгы кыйыр салыктардын түрүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: