Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “”Шайлоону шумдук өткөрдүк” деп жанагы жапайы мышыктын баласындай болгон бала Тайырбек Сарпашев каалашынча тайраңдады”

Бөлүшүү:

“Шайлоо боюнча айтсак, бийлик шайлоону аябай шумдук  өткөрдүк деп жатышат. Чындыгында Тайырбек Сарпашев каалашынча тайраңдады. Муну эл деле айтып жатат. Жердин баарын алып алыптыр.  Жанагы жапайы мышыктын баласындай болгон бала экен, жалтылдаган таптакыр, сүйлөсө да тайбаган, сөзү да оозунун ичинде экен.  “Шайлоо аябай шумдук өтүп жатат” деп атпайбы…” – деп билдирди Нарындын тургуну, Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

“Булар мындай кылышты, биометрикадан жалаң бюджеттен айлык алгандарды, унчукпаган сонундарды өткөрүп коюшту. Мугалимдерди, врачтарды бийлик кадимкидей кой кылып айдайт экен. Койдон жаман айдайт экен, урушушат экен. Баарына эле мугалим күнөөлүү боло берет экен, мугалим бир байкуш шордуу экен. Эми ушуларды биометрикадан өткөрүп койгон, болду, кайсыга сал дешсе ошого салып беришет экенин добуштарын. Ал эми карапайым элди атайын добуш бердирбей деле коюшат экен.  Жанагы Бишкектин тегерегиндеги жаңы салынган конуштарга бийлик ошон үчүн статус бербей жатат да. Эсиңердеби, парламенттик шайлоонун алдында Текебаев ошол конуштарды мыйзамдаштыралы, статус берели деп чыкпады беле, ошол бойдон калып кетти. Ал эми бизге окшоп өзү барып биометрикадан өткөндөрдү шайлоо участокторунан алмаштырып, тизмеде жок кылып, “тияка бар, биякка бар” деп будамайлап атышат. Элдин баары көрдү го, канчалаган адам өздөрүн тизмеден таппай калышты. Азыр тынч эле болуп жатканы менен эгер эл жарылса селдей болуп, селди токтото албай калышат. Мурда эл сел болуп өлүп да беришкен. Анда булар тиякка олтуруп алып бийлик бөлүшүшкөн. Азыр эми эл бирден чачынан кармап туруп Акүйгө киргизишет. Эми бир балакет болчу болсо. Эми Акүйгө жөн кирбейт булар”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: