21-ноябрда Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган 100 батирлүү үйдүн ачылыш аземи болуп, кетип аткан президент Алмазбек Атамбаев ачкычтарды тапшырган. Бирок, үйгө жылуулук жана суу кире элек экени зээнди кейитип, Атамбаев сын пикирин айтканга үлгүрдү. Буга чейин милицияга берилип аткан үйлөрдөн мындай одоно жетишпестик катталган эмес. Дал ушул жерден облустун УВД башчысы Акылбек Мамасейитовдун шалаакылыгы, кызматкерлерине кайдыгер мамиле кылганы ачык байкалды. Буга чейин деле Мамасейитов өздүк курамдын ичинде кадыр-баркы жок болгону, коомдук-коопсуздук абалды тийиштүү деңгээлде жайгара албай, тажрыйбасы жетпегенинен улам аксап келген. Жогорку жетекчилик мындай кадрды неге кармап отурат? А баса, Мамасейитов тар чөйрөдө кайсы бир «крышаларын» айтып мактанып, өзүнүн жеке бизнеси гүлдөп атканына таянганы кандай? Андай болсо коммерциясын кылып, ордун бошотуп кетпейби? Ушунча да эркеталтаң болобу?! Мындай жоопкерсиз жетекчини эмнеге жазалашпайт?!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ