Menu

Чалдовар көзөмөл өткөрүү пунктунда белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-сентябрь күнү эртең менен Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу телефон чалуу болуп, Чалдовар көзөмөл өткөрүү пунктунда белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  Панфилов РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке  чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери Панфилов районунда жайгашкан “Чалдовар-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү жайында атайын иш-чара өткөрүү учурунда белгисиз жарандар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: