Menu

Казакстанга чек араны 5-ноябрга чейин ачуу талабы коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкекте казак элчилигинин жанында кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Аны “Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресс” уюму уюштурду. Ага 40ка жакын адам катышты.

Уюмдун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Еревандагы сөзүн “негизсиз актануу” деп атап, Казакстан ЕАЭБ макулдашууларын одоно бузуп жатат, эгерде казак тарап жарандардын эркин өтүүсүнө тоскоолдуктарын токтотпосо бул өлкөгө карата экономикалык санкция киргизүү талабы менен эл аралык уюмдарга кайрылышарын билдирди.

Ошону менен катар бүгүнкү пикеттин катышуучулары “5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, ЕАЭБ курамынан чыгуу талабы менен чыгууга мажбур болобуз” деп билдиришти.

Акциянын катышуучуларына элчиликтин кызматкерлери чыгып, чек арадагы абал боюнча өз позициясын чагылдырган жазуу материалдарын таратышты, бирок сүйлөшүүгө барышкан жок.

Ал материалдарда Кыргызстан чек арада аткезчиликке жол берип жатканы, казак тараптын текшерүүнү күчөтүү аракеттери негиздүү экени айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: