Индонезиянын «Lion Air» компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу «Boeing 737-800» үлгүсүндөгү учак Жакартадагы аэропорттон учкандан кийин кырсыкка учураган. Бул тууралуу “Reuters” сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, учак асманга көтөрүлгөндөн 10 мүнөт өткөн соң радардан жоголгон. Кийинчерээк учак Ява аралындагы деңизге кулагандыгы маалым болгон. Окуядан кийин издөө-куткаруу иштери башталды. Учакта 189 адам болгон. Алардын үчөө балдар жана сегизи экипаж мүчөлөрү болчу.
Айта кетчү нерсе, “Lion Air” – Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагында 100дөн ашык учак бар. Каттамды жүргүзгөн “Boeing 737-800” учагына 189га чейин киши батат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ