Menu

Жакартада Кыргызстан менен Индонезиянын Жогорку сотторунун Төрагаларынын жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Сот реформасынын алдыңкы тажрыйбасы боюнча таанышуу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы Индонезиянын Жогорку сотунда болушту. Жолугушууда соттук реформанын концепциясын, укук үстөмдүгүнүн түзүмдөрүн окутуу жана сот тутумунун башка маанилүү маселелерин талкуулашты.

Таанышуу иш сапарынын жүрүшүндө, Юстиция жана адам укугу министрлигинде жолугушуулар болду. Буга кошумча Кыргызстандын делегациясы соттук комиссия менен да жолугуп, анын өкүлдөрү өздөрүнүн тарыхы, негизги этаптары, ишмердиги жана жетишкендиктери, судьяларды дайындоо процесси, алардын ишмердиги жана соттордун мониторинги жөнүндө айтып беришти. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун пресс-кызматы билдирет.

Кыргыз делегациясы адам укуктары, аялдардын иштери боюнча улуттук комиссиялардын, Индонезиянын укуктук жардам фондусунун өкүлдөрү менен дагы жолугушту. Андан соң Башкы прокуратурада да болушуп, коррупцияны жоюу боюнча комиссия менен баарлашты. Анын өкүлдөрү комиссиянын тарыхы, ролу жана иш-милдеттери, коррупцияга каршы мыйзамдар жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, Индонезиядагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда БУУнун Өнүктүрүү программасынын демилгелеринин (SAJI жана SUSTAIN долбоорлору) бет ачары болду. Ошондой эле делегация Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана коомдук дипломатия боюнча башкы башкармалыгында, Улуттук пландоо министрлигинде (Bappenas) болуп, министрликтин ролу жана иш-милдеттери, сот адилеттиги секторундагы пландоо жана координация кандай жүргүзүлөөрү тууралуу маалымат алышты.

Кыргыз делегациясынын курамы: Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы Султан Бокошов, комитеттин бөлүмүнүн эксперти Алмаз Молдобаев, Өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Максатбек Есеналиев, Башкы прокуратуранын статистика жана уюштуруу иштерин камсыздоо департаментинин начальнигинин орун басары Марат Кулжабаев, Сорос-Кыргызстан укуктук программасынын координатору Тахмина Ашуралиева, эксперттер Аслан Кулбаев жана Назгүл Сулайманова.

indoneziya-zhogorku-sot3

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: