КР ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы лейтенант А.Болтоевдин маалыматы боюнча, 17-ноябрында түнү менен жааган кардын калындыгы Алай-Куу өрөөнүндө 1,05 метрге чейин жааган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, кээ бир айылдарда кардан электр зымдары үзүлгөн.
Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коочаты айылдарында, Алай-Куу айыл аймагынын Көк-Арт айылдарында ички чарбалык жолдор жабылган.
Ички чарбалык жолдорду тазалоого КР ӨКМден техника тартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ