Бүгүн, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова 2017-жылдан бери абакта олтурушкан саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду үй камагына чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 21-августта КР Жогорку сотунун коллегиясы Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан ушул эле райондук соттун 2017-жылдын 21-ноябрдагы өкүмүн жокко чыгарган.
Текебаев менен Чотонов 2010-жылы Мегаком ишканасына көзөмөл алып берем деп россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн коррупция беренеси менен 8 жылга кесилишкен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ