Menu

Пирматов эми камалабы?

Бөлүшүү:

Мародердук маселеси иликтенип жатканын жамы журт билет, анын алкагында бир «атамекенчи» Р.Төлөгөнов камалса, дагы бир «атамекенчи» Ш.Абдылдаевге издөө жарыяланган. Кызыгы, жакында Бакиевдердин улутташтырылбай калган дагы бир мүлкү ортого чыкты. Айтсак, Эркиндик бульварында жайгашкан мурдагы «Ала-Too» мейманканасы 2009-жылы табышмактуу жагдайда «Гольфстрим Строй» ишканасына 4,2 миллион сомго сатылып кетиптир. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кушбак Жайчиев дегенге 5 миллион сомго пулданган. Көп өтпөй Жайчиев 20 эсе кымбат, т.а. 100 миллион сомго айтылуу «Кыргыз мунай» ишканасына саткан. Бул компания парламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго таандык экени айтылууда. Кыскасы, Максимдин мүлкү жасалма түрдө колдон колго өткөрүлүп, аягында Пирматовго тийген. Бул жерде Исхактын качканга аргасы жок, эгер иш адилеттүү кетсе, чукул аралыкта камалышы мүмкүн. Себеби, Киев көчөсүндөгү так ушундай иш боюнча экс-депутат Мадылбековдун баласы соттолуп кеткен.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: